• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ак-Ордо” жана “Ак-Өргө” конуштарында абанын бузулушунун деңгээли жогору – АЧжТЧКМА

Коом 0

Бишкек, 22.01.18. /Кабар/. Айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан “Ак-Ордо” жана “Ак-Өргө” конуштарынын жана Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде сыноо улгүсү алынган.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бардык жерлерде азот диоксидинин жогорку-бир жолку, чектик-жетиштүү концентрациясы 1,4 эседен 3,4кө чейин, оксид көмүртеги боюнча 1,1 эсе жогору болгону байкалууда.

Бишкектеги абанын бузулушун изилдөө максатында АЧжТККМА кызматкерлери жакын арада Бишкектин бардык конуштарындагы абанын үлгүсүн топтоого ниеттенишүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган Мамагенттиктин кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата, Кара-Жыгач конуштарындагы жана Чүй-Лермонтов көчөлөрүнөн үлгүлөр алынган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул жактарда азорт диоксиди боюнча концентрация 1,1 эседен 1,3кө чейин жогору экени байкалган.

Мындан тышкары, учурда автоунаалар учурда айлана чөйрөнү булгаган башкы булак болуп саналышат. Өнөр жай бөлүп чыгаруулары булгоочу заттардын болгону 10 гана пайызын түзүшөт. Ал эми 90% автоунаа каражаттарынан келет. Автоунаалардын иштетилген газдарында айлана чөйрөнү булгоочу заттардын 60тан ашуун органикалык бирикмелери бар.

Түзүлгөн жагдайга байланыштуу, АЧжТЧКМА Бишкек шаарынын аймагындагы аба ырайынын абалын жакшыртуу боюнча чаралардын Планына шаардык каттамдагы кичи автобустардын санын кыскартуу, аларды киши көп бата турган автобустарга жана газ автобустарына алмаштыруу, троллейбус парктарын жаңылоо, алардын жана троллейбус каттамдарынын санын көбөйтүү маселелерин киргизди.

Жыл сайын Бишкек шаарынын абасына бөлүнгөн булгоочу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тонна, алардын 180 миң тоннасы автоунааларга туура келет.

Пикир

Оставить комментарий