• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү. Жер мунапысы боюнча токтомдун 27-пункту алып салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алып салынды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.

“Эске салсак, мамлекет башчы 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө министрлер кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Жаңы конушка барып келгенден кийин президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды”, - дейт ал.

Орунбеков бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилгенин белгиледи.

“Президент ар дайым, өзгөчө жарандардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелерде, бюрократиялык процесстерди минималдаштыруу милдетин коюп келет. Кечээ мамлекет башчынын катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. Президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп жазат Орунбеков.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үй түрттүрүлүп, А.Ш. аттуу аял балдары менен көчөдө калган видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий