• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Өргө конушунда кыз ала качууга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкектин Ак-Өргө конушунда кыз ала качууга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 8-мартта болжол менен саат 19:50дө "102" кызматына Ак-Өргө жаңы конушунун Курманжан-Датка көчөсүндө кыз ала качуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Анда 25 жаштагы С.А. аттуу кызды чала тааныш жаран ала качып кеткендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 31 жаштагы Н.Р. аттуу жаранды кармаган. Шектүү Ленин райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 175-берененин ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий