• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Сай – Ворух жолун кыргызстандыктар торогон эмес — облустук администрация

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Ак-Сай – Ворух жолун кыргызстандыктар торогон эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Ак-Сай – Ворух унаа жолуна таш же унаалар коюлбаганы айтылат.

“Учурдагы абалдан улам Тажикстандын жарандары өздөрү ал жол менен жүрбөй калды. Жол ачык”, - деп айтылат маалыматта.

Жарандар Ак-Сай айылынын борбору аталган жерде болгондуктан ал аймакка чогулган.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, чек арадагы абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экендиги айтылат. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жана эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий