• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Ак Шумкар” партиясы Темир Сариевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү

Саясат 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. “Ак Шумкар” партиясы Темир Сариевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Мындай чечимди аталган партиянын өкүлдөрү партиянын сьездинде кабыл алган. Бул тууралуу Темир Сариевдин расмий өкүлү Назира Ахмедова билдирди.

Темир Сариевдин президенттик шайлоодо талапкер болоору ушул жылдын жаз айларында белгилүү болгон.

Н.Ахмедова билдиргендей, сьездге катышкан саясий ишмер, ЖКнын мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Темир Сариевдин талапкерлигин колдоорун билдирген.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Ал эми БШК 15-июндан тартып талапкерлердин документтерин кабыл алууну баштады.

Пикир

Оставить комментарий