• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Ак шумкарлар" кайрымдуулук фондунун тарбиялануучуларынан кабар алышты

Спорт 0


Бишкек, 06.06.23. /Аида Тургунбекова - Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары "Светлый путь" коомдук кайрымдуулук фондунун тарбиялануучуларынан кабар алышты.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, алар балдар менен баарлашып, таттууларды, футболдук топторду, футболкаларды тапшырышты. Ал эми кайрымдуулук фондунун тарбиялануучулары оюнчуларга өз колдору менен жасаган сувенирлерди белек кылышты.

"Балдар жана оюнчулар жагымдуу көз ирмемдер менен бөлүшүп, ойногонго да жетишишти. Кенжетайлар "Ак шумкарларга" алардын алдыдагы беттештерине ийгилик каалашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий