• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Футбол: “Ак шумкарлар” менен Тажикстандын оюну старт алды

Спорт 0

Бишкек, 14.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы менен Тажикстандын командасы менен оюн башталды.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 21:00дө старт алды.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай, алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп, оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган командасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Ал эми F тайпасында Тажикстан менен Кыргызстан эки оюндан кийин алты упай топтоп Азия кубогуна жолдомо алган болчу. Себеби B тайпасында Палестинанын курамасы үч оюндан кийин тогуз упай менен биринчи орун алса, Филиппин үч оюндан кийин төрт упай менен экинчи орунда турганы менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Мындан улам “Ак шумкарларга” Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты упай гана жетиштүү болду.

2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий