• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Суу айылындагы ипподромдо эркек кишинин сөөгү табылган. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Москва районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштагы, европа түспөлүндөгү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий