• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Суу районунда 15 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарча курулду

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Тегизчил айылына социалдык шаарча комплекси курулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кувейт мамлекетинин "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып салынган социалдык шаарчанын ачылыш аземи 28-июнда өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ак-Суу районун акими, "Ас-Салам" кайрымдуулук фондунун жетекчиси, Кыргызстандагы өкүлү жана демөөрчүлөр катышты.

Социалдык шаарча комплексинде тигүүчү цех, заманбап эмкана, ар биринде бештен жатак үйү бар. Жалпысынан 15 аз камсыз үй-бүлөгө каралган үч жатак үйдүн имараты жана мечит-медресе бар.

Социалдык шаарча комплексин курууга болжол менен 25 миллион сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий