• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ак-Суу районунда 9 мектепте жана 3 бала бакчада оңдоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда 9 мектепте жана 3 бала бакчада оңдоо иштери жүрүп жатат деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Ак-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматы боюнча, оңдоо иштери республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана донорлордун эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Маалымдалгандай, республикалык бюджеттен мектептерди оңдоо иштерине 1 млн 379, 9 миң сом бөлүнгөн. Ремонт иштерине жана керектүү курулуш материалдарын алып келүүгө тендер мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу ишке ашкан.

Мындан тышкары үч бала бакчада капиталдык оңдоп түзөөлөр жүрүп жатат.

Ак-Суу районунда жалпысынан 35 мектеп, 14 бала бакча бар.

Учурда капиталдык оңдоп түзөөлөр өз нугу менен жүрүп жатат. Райондун жаңы окуу жылына болгон даярдыгы 85% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий