• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак-Суу районунда муз аянтчасы жабылды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда муз аянтчасы жабылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айында катуу сууктан улам Михайловка булуңунда муз катмары пайда болуп, жарандар музда коньки тээп башташкан.

Күндүн жылышына байланыштуу муздун бетинде жаракалар пайда болуу коркунучу орун алган. Мындай жагдай жарандардын өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн болгон.

Буга байланыштуу 30-январда ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жана райондук милициянын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен муз катмарын сындырып, көлдүн үстүндө орун алган муз аянтчасын жабышты.

Пикир

Оставить комментарий