• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак-Суу районунда турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда турак үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-сентябрь күнү саат 11:10 чамасында Ак-Суу районунун ​Ак-Булуң айылынын Кыдырганов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине бир бөлүм тартылып, саат 11:55те өрт чектөөгө алынып, саат 13:28де толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 44 чарчы метр турак үй күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий