• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Суу районунун борбордук мечитине көмүр берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун борбордук мечитине “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду 17 тонна көмүр түшүрүп берди. Бул тууралуу аталган аймактын баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов билдирди.

Ал кайрымдуулук кылган фонддун өкүлчүлүгүнө терең ыразычылыгын билдирүү менен бирге көмөк катары келген көмүрдү Теплоключенка айылындагы 3 мечитке бөлүштүрүлүп берилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ак-Суу районунун борбордук мечити жайгашкан Теплоключенка айылы Ысык-Көл облусундагы калктуу аймактардын катарына кирет. Ал жакта 14 миңден ашуун эл жашайт.

Пикир

Оставить комментарий