• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Ал-Сыддык атындагы жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечит 100 адамга ылайыкталып, бардык талаптарга шайкеш салынган.

Жаңы мечиттин курулушун «Ассанабиль» кайрымдуулук фонду каржылап, чыгашанын 80 пайызын көтөрсө, калган бөлүгүн жергиликтүү демөөрчүлөр колдоо көрсөткөн. Ошондой аталган айылдын тургуну Саламат Деркенбаев өз ыктыяры менен 5 сотых жер тилкесин бөлүп берген.

Мына ушул Кувейт мамлекети кыргыз элине белек катары куруп берген мечиттин ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлүп, ага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, «Ассанабиль» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммед Абдулкарим жана Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Кыдыров башында турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө келген конокторго сөз берилип, анын алкагында Алмазбек ажы Сагындыков мечиттин түптөлүп ачылышына чейин көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирди.

Кошумчалай кетсек, жаңы ачылган мечитке Ысык-Көл облустук казыяты тарабынан беш Курани Карим китеби белек кылынып, алар Ал-Сыддык мечитинин китеп текчелерин толуктады.

Пикир

Оставить комментарий