• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Сууда катуу бороон-чапкындын айынан жол көрүнбөй калды

Аймак 0


Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Катаал аба ырайына байланыштуу Ак-Суу районунун Советское, Соколовка жана Ак-Булуң айылдарынын жанындагы автожолдордун айрым тилкелеринде кар күрткүлөрү орун алууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

“Жолдорду тазалоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, шамал карды жолдорго үйлөп, кар күрткүсүн пайда кылууда.

Буга байланыштуу Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБ айдоочуларды аталган багыт боюнча жана калктуу пункттардын чегинен тышкары жерлерге өтө зарыл болбосо, жол жүрбөөгө чакырат”, - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү айдоочуларга жол эрежесин так сактоону жана жолдо өтө этият болууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий