• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ак-Сууда мектептин курулушунан 3,2 млн сомду ыйгарып алган кызмат адамдарына иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Ак-Суу районунда мектептин курулушунан 3 млн сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы У.Калиев атындагы 225 орундуу орто мектептин имаратын куруу иштери боюнча облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен “А.С.” жана “Т.К.” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда 62 млн 296 миң 778 сомго подряд келишими түзүлүп, мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген.

Бирок, Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары подрядчылар менен алдын ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишип, 3 млн 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилен мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий