• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Сууда турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Ак-Сууда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Качыбек айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 132 чарчы метр чатыры, жайкы ашкананын 44 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйдү.

Өрттү өчүрүүгө жерине 2 бөлүм тартылып, 03:00дө өрт чектөөгө алынып, 05:20да толук өчүрүлдү.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий