• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Сууда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБне жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын 37 жаштагы Д.М. тургуну экендиги такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактар табылып жана узундугу эки метрге жакын, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесиндеги, Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси баш сөөгү менен табылып, далил зат катары алынган.

Шектүү Д.М. тергөө кызматына берген көрсөтмөсүндө, аталган жаныбарды таанышы атып, анын үйүнө убактылуу сактоого калтырып кеткендигин билдирген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө экинчи шектүү ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы Б.Э. аттуу тургуну экендиги далилденип, сурак учурунда шеткүү Б.Э күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кызыл китепке кирген жаныбарды сырт өрөөнүнөн атып келгендигин көрсөткөн.

Ошондой эле аталган шектүүнүн үйүнөн тиешелүү уруксат документтери жок ок атуучу курал-жарак табылган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий