• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Суудагы кирпич чыгаруучу заводду сел каптады

Кырсык 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кирпич чыгаруучу заводду сел каптады, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун Октябрь айыл аймагынын Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, кирпич чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.

Жеринде ыкчам чара көрүү максатында ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий