• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ак-Суудагы психоневрологиялык интернаттын чатыры 2,7 млн сомго алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Ак-Суудагы аялдар үчүн психоневрологиялык интернатынын чатыры алмаштырылды. бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1953-жылы ачылган интернатта азыркы учурда 248 улгайган жарандар жана майыптар жашайт. Үч кабаттуу уктоочу корпус 1989-жылы курулган, имараттын 34 жыл ичинде ички бөлмөлөрдүн капиталдык ремонтуна карабастан чатыры эч качан оңдолгон эмес.

"Бүгүнкү күнгө чейин кызматкерлердин күчү менен чатырдагы кемчиликтерди жоюу боюнча жарым-жартылай иштер жүргүзүлүп келген. Быйылкы жылы министрликтин бюджетинен каражат бөлүнүп, жаңы чатырдын баасы 2,7 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий