• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ак-Түздөгү кен ылгоо ишканасынан коркунуч туулса, ал «коркунучтуу участкалар» тизмесине киргизилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Кечээ, 26-февралда Кемин районунун Ак-Түз айылында жайгашкан кен ылгоо ишканасынын түтүгү жарылып, уулуу саркынды суулар Кичи-Кемин дарыясына куюла баштаган. Эгерде андан коркунуч туула турган болсо, ал «коркунучтуу участкалар» тизмесине киргизилип, атайын көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, «коркунучтуу участкалар» тизмеси жыл сайын жаӊыртылып турат. «Өткөн жылы бизде 20 миӊ коркунучтуу участка катталса, быйыл ал 15 миӊге чейин кыскарган.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина Ак-Түз айылында көптөгөн уран калдыктары сакталчу жайлар жайгашканын, кен ылгоо ишканасынын түтүгүнөн өндүрүшкө колдонулчу химиялык заттар агарын эске салды. «Алтын иштеткен кытай компаниясы коопсуздук чараларын көргөн эмес. Менимче, ал жердеги топурак ууланып калды. Ошондуктан, «коркунучтуу участкалар» тизмесине киргизүү керек», - деп кошучалады эл өкүлү.

Министр бул маселе эртеӊ Премьер-министрдин катышуусунда карала турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий