• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Талаада мас абалында тапанча көтөрүп, ызы-чуу салган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Ак-Талаа районунда мас абалында тапанча көтөрүп, ызы-чуу салган жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа РИИБине 2021-жылдын 12-январь күнү саат болжол менен 16:30 чамасында Баетов айылында жайгашкан райондук администрацияга белгисиз адам мас абалында келип тынчтык бербей жатат, жанында тапанча көтөрүп жүрөт деген билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча жогорудагы дарекке ыкчам тергөө тобу барган учурда, ал адам 41 жаштагы А.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, жанында газпневматикалык тапанчаны эч кандай далилдөөчү документтери жок көтөрүп жүргөндүгү такталган.

Аталган факты Ак-Талаа РИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Чүй облусунун 41 жаштагы А.Э аттуу тургуну Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрацияна мас абалында барып, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациянын башчысы 49 жаштагы К.Снын иш бөлмөсүнө кирип барып, өзү менен бирге алып жүргөн белгисиз ок атуучу куралы менен тап берип, зомбулук колдономун деп коркутуп, түшүнүксүз сөздөр менен нааразы ирээтинде ар кандай сөздөрдү айтып колундагы ок атуучу куралын К.Сга такап, бийлик өкүлүнө жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно бузганы аныкталган.

2021-жылдын 14-январь күнү Ак-Талаа райондук тергөө сотунун чечими менен аталган жаранга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда тийиштүү соттук-экпертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий