• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ак-Талаа району Фергана облусунун Кувасай шаары менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа району Фергана облусунун Кувасай шаары менен кызматташат. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаев Фергана облусунун Кувасай шаарынын акими Равшан Рахимжонов менен расмий достук алакасын түздү.

Иш сапардын алкагында эки райондун ортосунда соода-сатык, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, дыйканчылык, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү багытында сүйлөшүүлөр болду.

Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаев курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды, жүн-тери иштеткен цехтерди ачуу боюнча сунушун айтты. Кувасай шаарынын акими Равшан Рахимжонов бул сунушту ишкерлер ассоциациясына маалымдап, андан кийин жообун айтаарын билдирди.

Мындан сырткары, күнөскана куруу, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, тигүү ишканаларын жандандыруу маселелери макулдашылды. Эки тараптын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жакында алдыга кадамдар башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий