• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Талаа районунда 700 млн сомго суу сактагыч куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Ак-Талаа районуна болгон иш сапарында "Жаман-Даван" суу сактагычы жана плотинасы курула турган аймак менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеев белгилегендей, “Жаман-Даван” суу сактагычы курулса, Ак-Талаа районундагы 2 миң гектар аянт сугат суу менен камсыздалып, 3 миң гектар аянтка суу берүү жакшыртылат.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Суу чарба башкармалыгынын башчысына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тапшырды.

Белгилей кетсек, долбоордун жалпы суммасы 700-800 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий