• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Талаа районунда "Унаа" ишканасынын жаңы бөлүмү ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун тургундарына Нарын шаарына баруу үчүн эми 120 чакырым жол жүрүп, убара тартуунун кажети жок.

Ак-Талаа районунун унаа ээлерине ыңгайлуу шарт түзүү максатында 1-марттан тарта “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан “Баетов” айылына транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо боюнча жаңы бөлүм ишке киргизилди.

ИИМдин “Унаа” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган бөлүм транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоо жана каттоого коюу/чыгаруу жаатында иш алып барат.

"Ак-Талаа районунун тургундарынын транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоо бөлүмүн ачып берүү жөнүндө көптөгөн кайрылуулары эске алынып, бул бөлүм ишке киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий