• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак-Талаадагы көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнда Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жумадилла Жапаров райондогу сегиз энеге «Баатыр эне» орденин, тогуз энеге болсо «Эне даңкы» медалын тапшырган.

Район жетекчиси энелердин жашоодогу алмаштыргыс ордун даңазалап, жакшы тилектерин айтып, белектерди тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий