• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Талаада бир гектар муниципалдык жерге 2,3 миң түп карагат көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаевдин катышуусунда Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн 1 гектарга жакын муниципалдык жер аянтына 2 320 түп карагаттын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчөттөр дүркүрөп өсүп, мөмөсүн мол берүүсүн тилек кылган облус жетекчиси эгер эл карагатты, чычырканакты көбүрөөк айдаса муздаткыч алып келип коюп берээрин жана сатып өткөрүүгө көмөк көрсөтүлөөрүн билдирди. Ошондой эле тигилген көчөттөрдү көздүн карегиндей сактап, жакшы натыйжа бергидей эмгек жумшоо керектигин өтүндү.

Райондун жазгы талаа иштеринен кабар алган Сабыркул Ашимбаев жайытка өтүп кеткен жерлердин баарын айдоо аянттарына айлантып, жаңы жерлерди өздөштүрүү зарылдыгын, ар бир айыл өкмөт жок дегенде 1 гектардан аянтка чычырканак, карагат айдап, жетекчилер эркин көрсөтүүсү керектигин айтты. Сафлор эгип, өзүбүздөн май чыгарууга жетишүү, жүгөрү эгип сүт кластерин түзүүгө шарт түзүү бүгүнкү күндүн талабы экенин билдирип, май заводун коюп берүүгө жана техникаларды лизингге алып берүүгө жардам берээрин белгиледи.

Быйыл Ак-Талаа районунда 100 гектарга сафлор, 2,2 гектарга карагат эгилээри пландалган. Ал эми чычырканак күз менен тигилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий