• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Талаада бала бакча ашкана жабдыктары, эмерек жана оргтехника менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында 100 орундуу «Келечек-Муун" балдар бакчасы ашкана жабдыктары, эмерек жана оргтехника менен камсыз болду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аракет АРИС тарабынан министрлер кабинетинин колдоосунда жана Дүйнөлүк банктын каржылоосунун ишке ашырылып жаткан "Айылды инвестициялоонун үчүнчү" долбоорунун алкагында ишке ашты.

Долбоордун жалпы наркы 1 млн 461 миң 180 сом. Анын ичинен 183 миң 680 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары жумшалса, калган каражат донор тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий