• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Талаада милиция кызматкерлери окуучулар арасында профилактикалык иштерди улантууда

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Талаа районунун аймагагында жайгашкан орто мектептерде билим алып жаткан окуучулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда окуучулар ар кандай кызыккан суроолорун узатышып, жоопторун ала алышты.

"Мындан сырткары, кыш мезгили келип, жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү айыл тургундарына мектеп окуучуларга ата-энелеринин катышуусу менен жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жолугушууларды өткөрүп, жол эрежелери боюнча түшүндүрмө берип, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле COVID-19 жугуштуу илдеттин алдын алууда санитардык эрежелерди туура сактап, беткап тагынып жүрүү жагы эскертилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий