• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Талаадагы 90 чакырымды түзгөн Баетов – Кош-Дөбө жолуна асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Жаңырган жылы 90 чакырымды түзгөн Баетов – Кош-Дөбө жолуна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун облус башчылык кызматка жаңы дайындалганда Ак-Талаа районунун аксакалдары менен жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Анда Алтынбек Эргешов Ак-Талаа району облус борборунан обочо жайгашып, экономикалык, инфраструктуралык маселелер көп экендигин, ошондуктан Ак-Талаа районуна өзгөчө көңүл бурулаарын, районду өнүктүрүүнү улуттук, республикалык деңгээлге алып чыгып, долбоордук кароого киргизүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

"Ушундан көп өтпөй ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешовдун аракети менен Баетов – Кош-Дөбө унаа жолунун маселеси жетекчиликке жеткирилип, президенттин тапшырмасы менен буюрса жаңырган жылдын бюджетине 540 млн сомдук асфальт төшөө иши киргизилгени турат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий