• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-талаалыктар үчүн Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат - С.Жээнбеков

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Акталаалыктар үчүн азыркы тапта Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Андан тышкары, Нарын дарыясындагы дамбаны калыбына келтирүү, суу тосмосун куруу, таза ичүүчү суу менен камсыздоо– бул маселелердин чечилишин мен жеке көзөмөлүмө алам, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ак-Талаарайонунун тургундары менен жолугушуу учурунда.

Ал өлкөнүн бардык райондорунун борборунда, анын ичинде Ак-Талаа районунда ички жолдордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. «Быйыл ички республикалык жолдорду оңдоо үчүн алгачкы ирет республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилди. Бул максаттарга 730 млн. сом жумшалат. Бул багыттагы иштер улантылат. 2016-жылы жалпы өлкө боюнча жалпысынан 230 км жол курулду. Аны каржылоого 4,5 млрд. сомго жакын каражат чыгымдалды», - деп маалымдады талапкер.

Ал премьер-министр кезинде бул районго келип кеткенин эске салды. «Менин тапшырмам боюнча «Акталчат-Казарман» авто жолунун тилкесиндеги көпүрөнү реконструкциялоо үчүн 50 млн. сом бөлүнүп берилген. Бардык зарыл болгон курулуш иштери жакын арада аягына чыгарылат жана аталган көпүрө боюнча транспорт байланышы кайрадан жанданат», - деди Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий