• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Ак-Тилек" бекетинде 100гө чукул жүк ташуучу унаа турат. Чек ара кызматы себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 100гө чукул жүк ташуучу унаа турат. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Казак тараптын маалыматына ылайык, "Карасу" өткөрүү бекетиндеги текшерүү-инспекциялык пунктундагы мүчүлүштүктөргө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жайлап калган.

Мындан улам саат 15:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 100гө чукул жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан жүк ташуучу унааларга карата чектөө коюлбаганын белгилейт. Кыргыз-казак чек арасынын башка көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаалардын жана адамдардын топтолушу байкалган жок.

Пикир

Оставить комментарий