• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын топтолуусу катталган жок

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февраль саат 12:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Ак-Тилек – унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын топтолуусу катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек – унаа жолу" постунан анча алыс эмес жерде жол жээгинде айдоочулары жүктүн документтерин, ПЧР-анализинин жыйынтыгын жана башкаларды күтүп турушкан 70 жүк ташуучу унаа бар.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында жети унаа өткөрүү пункту иштей турганын эскертет. Алар: Чүй облусунда – "Ак-Жол – унаа жолу", "Ак-Тилек – унаа жолу", "Чалдыбар – унаа жолу", "Кең-Булуң – унаа жолу", "Токмок – унаа жолу", Таластагы "Чон-Капка – наа жолу" жана Ысык-Көлдөгү "Каркыра – унаа жолу".

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бул өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок.

Жүк ташуучу унааларды өткөрүү Кыргызстандын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р токтомунун талаптарына ылайык, “Ак-Тилек – унаа жол”, “Чалдыбар – унаа жолу”, “Ак-Тилек – унаа жолу”, “Чоң-Капка – унаа жолу” жана “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт.

Бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга Кең-Булуң-автодорожный посту аркылуу чыга алат.

Жүк поезддерин өткөрүү "Кайыңды-железнодорожный" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий