• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында унаалардын саны кыйла азайды – МЧК

Аймак 0

Бишкек, 6.11.17 /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында жүк ташуучу унаалардын саны кыйла азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрмө жайында бош оор жүк ташуучу унаалар көп турган, бизге маалым болгондой, аларды казак тарап эч кандай текшерүүсү жок эле өткөрүп жатат.

Бир нече күн мурун көзөмөл-өткөрмө жайында дээрлик 460-500 жакын жүк ташуучу унаа кезек күтүп турган.

“Бүгүн саат 11:00гө карата “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында 65-70 жүк ташуучу унаа бар”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий