• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ак-Тилек" постунда кезекте 105 оор жүк ташуучу унаа турат

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 21-апрелде саат 07:00гө карата "Ак-Тилек" постунда кезекте 105 оор жүк ташуучу унаа турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33-чакырымдарында 16-апрель күнү төрт даана чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана үч милиция кызматкери нөөмөттө турат.

Кечээ, 20-апрель күнү 280 айдоочуга тамак-аш берилген.

Пикир

Оставить комментарий