• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ак-Тилек" постунда кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны 90го азайды

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 22-апрелде саат 07:00гө карата "Ак-Тилек" постунда кезекте 90 оор жүк ташуучу унаа турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33-чакырымдарында 16-апрель күнү төрт даана чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана үч милиция кызматкери нөөмөттө турат.

Кечээ, 21-апрель күнү 130 айдоочуга тамак-аш берилген.

Пикир

Оставить комментарий