• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Ак-Тилек" постундагы айдоочуларга тамак-аш таратылды

Коом 0

Бишкек, 15.11.17 /Кабар/. 2017-жылдын 14-ноябрь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Тилек чек-ара постунда оор жүк ташуучуу унаалардын айдоочуларына КР ӨКМдин кызматкерлери ысык тамак таратышты. Баардыгы болуп, 450 кишиге ысык тамак-аш берилди. Талас облусунун Манас районунун Чоң-Капкачек-ара постундагы оор жүк ташуучу унаалардын 200 айдоочуларына ысык тамак таратылды.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда.

КР ӨКМнен жалпы 17 чатыр тигилип, ӨКМдин кызматкерлери, тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери нөөмөттө турууда, жергиликтүү бийлик органдары ысык-тамак аш менен камсыздап жатышат. Ысык тамак-аш менен камсыздоо иш-аракеттери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий