• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда 480 жүк унаасы тыгында турат

Коом 0

Бишкек, 26. 10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунда 480 жүк унаасы тыгында турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

МЧКнын маалыматы боюнча, 10:00гө карата Кыргызстан тарапта “Ак-Жол” өткөрмө пунктунун чыга беришинде 150 адам турган. “Өткөрмө пунктунун аймагында кезек жок. 43 – унаа каражаты бар, булар автобустар жана жеңил машиналар. “Ак-Тилекте” эки жактан тең жарандардын кезеги жок, бирок Кыргызстандын аймагында 480 жүк унаасы турат. Тыгын уланууда”, - деп билдиришти басма сөз кызматы.

МЧКдан билдиришкендей, Кыргызстанда жарандарды жана унааларды өткөрүү эркин жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Мындай кошумча көзөмөлдөө чаралары киргизилгенден кийин казак тараптан чек арадан өткөрүү 2,4 эсеге кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий