• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Тилек жана Туран кичирайондорунда 2 стационар абалга жараша ачылат – Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарынын Ак-Тилек жана Туран кичирайондорунда 2 стационар абалга жараша ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда шаарда 4 күндүзгү жана түнкү стационар жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө.

“Ак-Тилек жана Туран кичирайондорунда 2 күндүзгү жана түнкү стационар абалга жараша ачылат. Стационарга муктаждык жаралса ачабыз. Башка жерлерге дагы стационарларды ачууну карап жатабыз”, - дейт ал.

Шаар мэри күндүзгү стационарларга 300дөй жаран кайрылса, алардын 200дөн ашыгы коңшу район, башка облустардан келгенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий