• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кылычбек Максутов шайланды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп бир талапкер Максутов Кылычбек Замирович катталды. Ал жергиликтүү кеңештен көрсөтүлгөн.

Ак-Жар айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат болсо, 20 депутат шайлоого катышкан. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколуна ылайык, 18-ноябрда болуп өткөн шайлоодо Максутов Кылычбек Замирович 16 добушка ээ болду.

Ошентип, Максутов Кылычбек Замирович Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий