• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ак-Жол" жана "Кордай" көзөмөл өткөрмө жайында оңдоо иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. 16-октябрь күнү Нур-Султан шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Бейбут Атамкулов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышык иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Казакстандын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министрлигинин ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө кирген кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Айдарбеков "Кичи-Капка" өткөрмө пунктунун ишин жакынкы арада жандантуу, "Ак-Жол" өткөрмө пунктун реконструкциялоо, жаңы көпүрө куруу жана "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктундагы көпүрөнү жаңылоо кыргыз тарабы үчүн маанилүү экендигин белгилеген.

Атамкулов "Кордай" өткөрмө пунктунун реконструкциялоо иштерин, кыргыз тарабынын "Ак-Жол" өткөрмө жайындагы оңдоо иштери менен бирге жылдын аягына чейин баштоого даяр экенин билдирген.

Мындан улам тараптар, мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде оңдоо иштеринин пландаштырылган графигинин мөөнөттөрү тууралуу өз жарандарына жана жүк ташуучуларга маалымат берүүнү макулдашышкан.

Ошондой эле жолугушууда Казакстан тарап, ушул жылдын 16-октябрында Казакстандын Мажилиси "Токмок" жана "Кең-Булун" өткөрмө жайларынын макамын эки тараптуудан көп тараптуу кылып өзгөртүүсү каралган Протоколду жактыргандыгын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий