• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Академиялык илим: Тил жана адабият. 1928-2018” китеби жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясында Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгына арналган “Академиялык илим: Тил жана адабият. 1928-2018” деген аталыштагы китеп жарык көрдү. Бул тууралуу академиянын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, китепке Тил жана адабият институтуна байланыштуу документалдуу материалдар, тарыхый жана институтта 80 жыл убакыт аралыгында жарык көргөн китептер боюнча маалыматтар берилген. Мисалга, 1928-жылдын 7-ноябрындагы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар Советинин токтому менен кыргыз крайтаануу илимий-изилдөө
институтунун негизделиши, анын кайра КИРФАНга кайра түзүлүшү жана Тарых, тил жана адабият институтуна Аалы Токомбаевдин директор болуп дайындалышы ж.б. маалыматтар камтылган.

Ошондой эле китепте Тил жана адабият институтунун жасаган бараандуу иштерине Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин окумуштууларынын билдирген ыраазычылыктары да камтылган. Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев: “Кыргыз тилинин сөздүгүнүн” чыгышы тарыхый окуя, 40 жылдан бери көптөгөн сөздөр кирди, ошолорду кошуп кошуналарга тез арынын ичинде тартуу кылган Ч.Айтматов атындагы Тил жана
адабият институтунун, анын жетекчиси Абдылдажан мырзага ыраазычылык билдиремин” – деген пикирин билдирген.

Ал эми анкаралык профессор, доктор Турал Садык “Кыргыз адабиятынын тарыхынын” 7 томдугуна жогору баасын берип:
“...актуалдуулугун жаңычылдыгын, ар бир материал көз көрүнөө эле далилдеп турат, ал эми анын теориялык жана практикалык мааниси эбегейсиз. Эгерде ушундай фундаменталдуу илимий эмгектер казак, өзбек, түркмөн, татар, азербайжан, башкырт тилдеринде да өз төл адабиятын изилдөчүлөр тарабынан жарыялашса, жалпы түрк элдеринин көркөм
мурастарынын бийиктигин башка элдерге да сыймыктануу менен көкөлөтө алган болоор элек”, - деген аруу тилегин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий