• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдылдажан Акматалиевдин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эмгектери жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар Адабиятчы, академик Абдылдажан Акматалиевдин “Чингиз Айтматов” жана “Маектер, көз караштар жана пикирлер” деген эки китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган китептер дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Орус тилинде жарык көргөн китебинде Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы кеңири планда чагылдырылган. Өзгөчө “Кыямат жана дүйнөлүк адабият”, “Айтматовдун космосу – Аалам жана Адам”, “Адам жана Жаабарс”, “Чоор – сүйүүнүн символу”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Айтматов, Манас жана эмбрион”, “Ата конуш жана Айтматов”, “Айтматов Айтматовдой сүйө алган” сыяктуу көлөмдүү жана терең илимий анализделген макалалары, Чыңгыз Айтматовдун жашоосуна байланыштуу “Айтматов жөнүндө этюд” деген күндөлүгү, ошондой эле жазуучунун бийлик, коом, жаратылыш жана башкалар менен болгон мамилеси маектерде көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий