• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Академик Акматалиев: “Айтматовдун чыгармаларын жалаң эле көркөм чыгарма деп кабыл алуу туура эмес”

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеште улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чарага окумуштуулар, академиктер, адабиятчылар, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, учурдагы парламенттин депутаттары катышууда.

КР Улуттар академиясынын академиги, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият таануу институтунун директору Абдылдажан Акматалиев “Манас – Айтматов жана эмбирион” аталышындагы баяндама жасады. А.Акматалиев Айтматов тапкан эмбирион дүйнөнү түйшөлтүп келе жатканын бир нече мисалдар менен тастыктап, мындан 20 жыл мурун эле эле көзү ачыктык кылып, бүгүнкү күндүн коркунучтуу чакырыктарын, рухий кризистерди чыгармаларында чагылдырып бергендигин билдирди.

“Андыктан, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жалаң эле көркөм чыгарма деп кабыл алуу туура эмес", - дейт ал.

Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият таануу институтунун директору Абдылдажан Акматалиев бүгүнкү конференцияны уюштурган Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын айтып, парламенттин китепканасына Айтматовдун том-том китептерин белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий