• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Академик Акматалиев Кытайдагы «Манас» эпосунун изилдөөчүсү Адыл Жуматурду уулу менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев Кытайдагы «Манас» эпосунун изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору Адыл Жуматурду уулу жана тарых илимдеринин кандидаты Чолпон Субакожоева менен жолугушту. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда институтта иштелип жаткан долбоорлордун негизинде жарык көргөн чыгармалар, мекеменин илимий-изилдөөлөрү, «Манас» эпосунун изилдениши жана алдыдагы пландар тууралуу пикир алмашуу болгон.

«Академик Акматалиев өз сөзүндө Адыл Жуматурду уулу кыргыз адабиятын Кытай элине, окурмандарына, ошондой эле чет элдерге да аябай жайылтып келе жатканын айтып, окумуштуунун иштерине ийгилик каалап, бирге иштешүүгө чакырды», - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, жолугушууда Адыл Жуматурду уулу өзү кытай тилине которгон 2 томдон турган “Кыргыз акындарынын антологиясын” жана дагы башка китептерин белекке берген.

Пикир

Оставить комментарий