• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Академик М.Жуматаев: “Кытай бурчу” эки өлкөнүн окумуштууларынын кызматташтыгынын бир мисалы

Маданият 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Кытай тили – илимди, маданиятты жана техниканы өздөштүрүүнүн ачкычы” аталышындагы иш-чара болду. Иш-чаранын алкагында кытай ашканасы боюнча мастер-класс өтүлүп, бий жана дем алуу органдарынын “ушу” гимнастикасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев илимдер академиясы менен КЭРдин кызматташтыгы жөнүндө айтып жатып: Бүгүнкү күндө Кытай өлкөсүнүн 20га жакын ойлоп табуулары дүйнөлүк мааниге ээ. Эл аралык кызматташууларга көбүрөөк көңүл буруп келет. “Кытай бурчу” дагы аталган өлкө менен Кыргызстандын окумуштууларынын кызматташтыгынын бир мисалы” – деди.

КР Тышкы иштер министринин кеңешчиси Кубатбек Жусаев:

"Мен Тышкы иштер министрлигинин жана өзүмдүн атымдан КР УИАнын борбордук илимий китепканасын бүгүнкү маанилүү күнү менен куттуктайм! Кытай тилине арналган долбоорду маанилүү деп эсептейм. Анткени, негизи эле кытай тилин түшүнүү жана үйрөнүү оңой эмес. Кытайдын бай маданияты менен жакындан таанышуу үчүн дүйнө таанымдын кенендигинен сырткары кытай тилин үйрөнүү зарыл. Аталган борбор кыргыз-кытай маданиятын жана илимин үйрөнүү үчүн үй куруудагы кыш болот деп ойлойм. Ошондой эле, сиздердин араңыздардан жаш окумуштуулар чыгып, алар кытай цивилизациясын, маданиятын, техникасын терең изилдеп, илимий эгектерди жазарына ишенем.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаментинин башчысынын орун басары Артур Бакиров долбоор аркылуу чоң иш жасалып жатканын белгилеп: “Кытай тилин үйрөнүү менен коңшу өлкөдөгү илимий жана инновациялык иштер менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Кийинки негизги милдет - алынган тажрыйбаларды биздин өлкөнүн илимине, экономикасына жана өндүрүшүнө пайдалануу. Аталган долбоор дипломатиялык миссияны дагы аткарууда. Анткени, байыркы мезгилдерден бери эле дипломатиялык байланыштар илим, маданият жана баарлашуу аркылуу жүрүп келген”, - деди.

Долбоорду түзүүчүлөрдүн бири, Кыргызстан кытай таануучулары ассоциациясынын төрагасынын орун басары, кытай тилинин окутуучусу Владимир Лю КР УИАнын илимий китепканасынын жамаатына ыраазычылыгын билдирип: “Бул жерде уюшулуп жаткан курс - Кыргызстанда кытай тилин акысыз окуткан жападан жалгыз курс болуп саналат. Ал долбоор кийинки жылы дагы улантылат”, - деп кошумчалады.

Иш-чараны УИАнын Борбордук илимий китепканасы менен Конфуций институту (Ханьбань, Кытай) уюштурду.

Маалымат үчүн:

КР УИАнын Борбордук илимий китепканасы 2014-жылдан тарта Конфуций институту менен кызматташа баштаган. Анда “CEPIECтин” (Кытай илимий эмгектеринин импорту жана экспорту боюнча корпорация) аракети менен кытай окумуштууларынын илимий эмгектери коюлуучу “Кытай бурчу” түзүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын илимий коомчулугунун кызыгуусу жана илимий адабияттын жайылышы менен КР УИАнын Борбордук илимий китепканасындагы “Кытай бурчу” долбоору кеңейтилип, анда кытай тилин үйрөтүүчү курс ачылган эле. Анда жаш окумуштууларга, аспиранттарга, адистерге, окутуучуларга, студенттерге жана жогорку класстардын окуучуларына акысыз тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий