• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Академик Сулайманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

Коом 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында КРнын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын академиги Какин Сулайманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Коштошуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуунун жакындары катышты.

КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Акрам Мадумаров академик Какин Сулайманкуловдун илим жолундагы урунттуу учурларын, жасаган эмгектерин эске алды. “Атактуу илимпоз, көрүнүктүү инсан Какин Сулайманкуловичтин арабыздан узап кетиши Кыргызстан эли жана илимий коомчулук үчүн оор жоготуу болду. Какин Сулайманкулович химия илими боюнча көрүнүктүү адис, окумуштуу катары баарыбызга белгилүү. Ал БУУнун химиялык коопсуздук боюнча Өкмөт аралык форумунун улуттук координатору болгон жана Кыргызстандын кызыкчылыгын татыктуу коргогон”, - деди ал.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев илимпоздун басып өткөн жолуна токтолду. “Какин Сулайманкулович 85 жаш курагында дүйнө салды. Ал химия чөйрөсүндөгү залкар окумуштуу. Ишмердүүлүгүндө бардык илимий баскычтарды басып өттү десе болот. Өзүн илимий кадрларды даярдоо боюнча таланттуу тарбиячы катары дагы көрсөтүп, анын жетекчилиги астында 52 кандидаттык жана докторлук диссертация жакталган. Илимге кошкон салымы жогору бааланып, мамлекеттик ардактуу сыйлыктар менен бирге 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган”, - деп белгилеген М.Жуматаев, академиянын жалпы эмгек жамаатынын атынан окумуштуунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

“К.Сулайманкулов кыргызга чоочун илимди - химияны багындырды. Анын аталган илимде өчпөс аты калды. Окумуштуунун келбес сапарга узашы, биз үчүн, үй бүлөсү үчүн жанып турган шаардын урашына барабар болууда”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

К.Сулайманкулов 1933-жылы Кемин районунун Новороссийка (азыркы Шабдан) айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1953-жылы КМУну артыкчылык менен бүтүрүп, 1958-жылы Ростов мамлекеттик университетинен (Россия) аспирантураны аяктап, илимдин кандидаты наамына ээ болгон. Ата мекендик окумуштуулардын арасынан биринчилерден болуп 34 жашында докторлук диссертациясын жактаган.

Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 600дөн ашык илимий эмгекти, монографияларды, 26 ойлоп табууларды жарыялаган. Жаңы техникада жана медицинада индикатор (детектор) катары колдоно тургандай кристалл фосфорлорун алуунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Ошондой эле, өтө таза деп эсептелген металлдарды алуунун жаңы ыкмасын киргизген.

Пикир

Оставить комментарий