• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акаев: Футбол федерациясы балдарды тарбиялаганга жер сурап жатат, стадион куруп беребиз деген инвестору бар экен

Коом 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлдөрү таланттуу балдарды тарбяилап өстүрүүгө 10 гектар жер сурап жатат. Стадион куруп беребиз деген инвесторлор дагы бар экен. Бул тууралуу депутат Жанарбек Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Акаев футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыккандыгына токтолуп, кыргыз футболчулары Азиядагы 16 мыкты команданын ичинде экенин баса белгиледи.

Ошондой эле депутат өлкөнүн футбол федерациясынын өкүлдөрү менен баарлашкандыгын, алар футболго дилгир жаштар абдан көп экенин, бирок машыгуу жүргүзүүгө орун жоктугу сыяктуу көйгөйлөрдү айтканын маалымдады.

"Футболго мамлекеттик, өкмөттүк колдоо көрсөтүүнү колго алсак. Федерация өкүлдөрү таланттуу балдарды тарбяилап өстүрүүгө 10 гектар жер сурап жатат. Керек болсо стадион куруп беребиз деген инвесторлор дагы бар экен", – деп баса белгиледи Акаев.

Пикир

Оставить комментарий