• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акаев: “Журналист У.Эгизбаев көзгө сайып көрсөтүп берген коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар коррупциялык иштер аягына чыкпай жаткандыгы айтылды.

Депутат Жанарбек Акаев суу чөгүп каза болду делген журналист Уланбек Эгизбаев коомчулукта резонанс жараткан чуулгандуу иштердин бетин ачып бергендигин айтып, алардын аягына чыкпай жаткандыгын сынга алды. “Көр саткандар Уланды коркутканда аларга бирооз сурак да болгон жок. Тарых музейиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү Эгизбаев биринчи алып чыкты эле. “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманын бетин ачып берди эле. Аткаруу бийлиги жок дегенде көзгө сайып көрсөтүп берген коррупциялык иштерди аягына чыкпайбы!”,- деген эл өкүлү, тизмектелген иштер боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев быйылкы эс алуу мезгилинде сууга чөгүп каза болгондордун саны 80ден ашканын Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттарда куткаруу иштери өз деңгээлинде эмес экенин айтып, атайын сертификаты менен куткаруучу штатын ачуу, байкоочу мунараларды куруу, скутерлерге өзүнчө жер тилкесин бөлүү сыяктуу иштерди колго алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий