• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акча таап бересиң, болбосо ѳлтүрѳм. Ошто 75 жаштагы өз энесин муунткан адам камалды

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.18. /Кабар/. Ошто өз энесин муунтуп, өлтүрүүгө аракет кылган жаран камалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө шаардагы Абжалов көчөсүндөгү жашоочулардан билдирүү келип түшкөн.

Анда аталган кѳчѳнүн тургуну ѳзүнүн карыган энесин ыйлатып уруп жаткандыгы айтылган.

“Окуя болгон жерге барган Ош шаардык ИИБнин ыкчам тергѳѳ тобу аталган кѳчѳдөгү үйлѳрдүн биринин жашоочусу 41 жаштагы С.Э., аттуу жаранды кармашкан. Ал ѳзүнүн 75 жаштагы энесин мас абалда ур-токмокко алгандыгы маалым болду”, - деп кабарлашты милициядан.

Апасынын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, баласы анын таянып жүргѳн таягын колунан алып, аны менен сабаган.

“Жыгылып калган учурда таяк менен муунтуп, “акча таап бересиң, болбосо ѳлтүрѳм” деп коркуткан”, - деп билдиришти Ош ШИИБнен.

Жабыркаган эне учурда Ош облустук ооруканага жеткирилген.

Энесине кол көтөргөн шектүү жаран мурда ѳзгѳчѳ оор кылмышы үчүн ("Адам ѳлтүрүү") жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп келгендиги маалым болгон.

Ош шаардык соту кармалган жарандын баш коргоо чарасын карап, бир айга абакта кармоо чечимин чыгарган.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий